БШК шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.
Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме» порталында жайгаштырылды — https://tizme.gov.kg/.
Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен «Кызмат» мекемеси бирге ишке ашырат.
Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 297 040 адам, анын ичинен 2 082 263 эркектер жана 2 214 777 аялдар же 48,46% жана 51,54%.
Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 2492 шайлоо участокторунда илинет.
БШК шайлоо участогуңузду тактоону суранат:
— 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
— шайлоо участкасында;
— «tizme.gov.kg» сайтында;
— же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) бул жол-жободон өтө алышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: Интернет булактарынан




