БШК Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке каттоодон баш тартты

  • 8 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Шайлообек Атазовду каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча, Шайлообек Атазов №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 17-октябрда БШКга тапшырган.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ  Атазов  Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

«Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 23-октябрдагы маалымкатына ылайык, Шайлообек Атазов уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тургандыгы аныкталды» деп айтылат БШК маалыматында.

БШК белгилегендей, Чек ара кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык, Атазов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды. Тагыраак айтканда, Ш.Атазов 2024-жылдын 13-мартынан 29-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөндүгү (260 күн) да айтылат.

Бишкектин административдик соту Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты кезинде криминалдык авторитет «Дженго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун сүйлөшүүлөрү тараган. Анда кримавторитет Досонов Атазовдон уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маселе көтөрбөшүн суранган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты