Соцтармактарда депутат Атазов менен «Дженго» каймана атуу кримавторитеттин сүйлөшүүсү тарады (Видео)

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен криминалдык авторитет «Дженго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун сүйлөшүүлөрү тарады.

Ал сүйлөшүүлөрдү «Кактус» медианын соцтармактардан алынган жана Ютуб каналына жарыяланган тасмасынан алып беребиз.

Аудио тасмада эки киши сүйлөшүп жатат. «Шайлоо» деп кайрылган адамга «Кадыр акеңмин, Дженго» Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маселе көтөрбөшүн суранат, ошондой эле Айбек аттуу депутатка да айтып коюуну өтүнгөн.

“Бул жаш балдардын эле, өздөрүнүн разборкасы, ызы-чуу шаарда чоңойгон балдар экен. “Менин жанымда жүргөн шопур балдар аралашып калган үчүн… “ деген «Дженго».

Бул аудио тасмага эки жыл болгон. Эки жыл мурун “Дженго” каймана аттуу кримавторитеттин жансакчысы бейбаштыкка шектелип кармалганын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

2021-жылы “Дженго” каймана аты бар кримавторитеттин жансакчысы бейбаштыкка шектелип кармалганын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, Р. А. аттуу кармалган жаран 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, мурда соттолгон.

2021-жылдын 10-июлунда алдын-ала сүйлөшүп алып, бир топ адамдар менен бейбаштык жасаган.

Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында бычак менен коркутуп, Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алып, анын капчыгы бар барсеткасын алып кетишкен. Анда 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом болгон.

Бул факт кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси, бейбаштык боюнча катталган. Ал Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты