БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жарандарга жана Талас телеберүүсүнө айып салды
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол бергендердин маселесин карап, аларга айып салды.
Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, Укук бузуулар кодексинин 65, 455-беренелерине жана 451-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Шайлоо мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, БШК төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:
1. №14 шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиев 2025-жылдын 9 жана 12-октябрында Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына мурдагы саясий ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап, саясий-мамлекеттик кызматтагы адамдардын ысымдарын атап, алдыдагы шайлоого жаңыча көз караш менен бара тургандыгын белгилеген. Постун ал үгүт мүнөзүндөгү чакырыктарды каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жайгаштырган. Бул аракеттери шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланып, депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Б. Дүйшеналиевге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык, 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гулам Матажиев 2025-жылдын 20-октябрында Facebook социалдык тармагындагы Салтанат Митиеванын жеке баракчасы аркылуу жарыяланган видеодо №2 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Ырысбек Атажановду эл алдында колдоо көрсөтүүгө чакырган. Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Г.Матажиевге 7500 сом айып пул салынды.
3. №25 шайлоо округу боюнча депутаттыкка өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Төрөкан Жунусбеков 2025-жылдын 17-октябрында Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу билдирүү жарыялап, анда жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын аты-жөнүн коюуп, “хадис” деп диний тематикага шилтеме жасап, мурдагы шайлоолордо колдонулган жасалма үгүт материалдарды жарыялаган. Ошол эле күнү, саат 12:03тө парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга расмий арызын тапшырган. Үгүт мүнөзүндөгү билдирүү менен талапкер катары көрсөтүү күнү дал келгендиктен, бул аракет талапкерди каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин үгүт жүргүзүү катары бааланды. №25 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Жунусбековго 7 500 сом айып пул салынды.
4. 18-октябрда Талас УТРК “Аял ажары” программасы аркылуу №16 Талас шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Медер Чотоновдун мурдагы кайрымдуулук иштери тууралуу видеотасманы кайталап чыгарган. Бул материал талапкерди жарнамалап, ачык колдоо катары бааланды. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Талас УТРКга юридикалык жак катары Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык, 28 миң сом айып пул салуу чечими кабыл алынды.
БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет. Үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




