БШК № 22 округдун шайлоо бюлеттендерин кайра эсептөө арызын канааттандырган жок

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 5-декабрда № 22 шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептөө тууралуу “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Н. Жумашовдун жана талапкер Эмил Абдыкадыровдун өкүлү М. Калмырзаевдин  арызын карап, аларды канааттандыруудан баш тартты. 

№22 көп мандаттуу шайлоо округдун бардык участкалык шайлоо комиссияларында бюллетендерди кайрадан кол менен саноону өткөрүүнү жана добуштарды эсептөө аяктагандан кийин расмий жыйынтыктарды берүү жөнүндө БШКга  арыз менен кайрылган.

БШК, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Жумашовдун арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Ал эми Эмил Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевден № 22 шайлоо округу боюнча № 1102, № 1103, 1104, 1106, 1113, 1127, 1133, 1140, 1142 шайлоо участкаларында кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.

Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык  талапкер Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.  

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сүрөттө: БШК жыйынында добуш берүү учуру. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты