БШК № 13 округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 4 талапкерди каттады
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-январда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
Арстанбеков Акылбек, Асанов Уланбек, Калматов Токторали, Чолпонов Уланычбек Калдарбекович талапкер болуп катталды.
Булар тапшырган документтер Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
27-январга карата бир мандаттуу №13 округу боюнча кайра шайлоого депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны 27 кишиге жетти.
Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин аяктайт.
БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




