БШК №13 шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесин жарыялады

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин «Тизме» tizme.gov.kg порталында жайгаштырды.

Бул тууралуу БШК билдирди.  

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участокторунда илинет.

Тизмеде 161 347 шайлоочу, анын ичинен: эркектер – 80 394, же 49,83%; аялдар – 80 953, же 50,17%.

Жашы боюнча:

— 18 жаштагылар – 585, же 0,36%

— 19-35 жаштагылар – 67 435, же 41,80%

— 36-45 жаштагылар – 35 915, же 22,26%

— 46-55 жаштагылар – 23 500, же 14,56%

— 56-65 жаштагылар – 19 687, же 12,20%

— 66 жаштан жогоркулар – 14 225, же 8,82%.

Шайлоочу өзүн тизмеден 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) текшере алат:

— 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;

— шайлоо участогунан;

tizme.gov.kg сайтынан;

— же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.

Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ — ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.

БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты