Садыр Жапаров Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында президент Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты жана эки жактуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.
Президент Ли Чжэ Мён эки өлкөнүн инвестициялык агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүт артты.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын жана ар тараптуу диалогду чыңдоого өзгөчө маани берерин өзгөчө белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады.
Сүрөт: president.kg




