Бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр оорукана, мектеп, балдар бакчаларына түшүүдө

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 13-декабрда, Бишкектеги мектептерге, балдар бакчаларына, ооруканаларга бомба коюлгандыгы тууралуу телефон билдирүүлөрү байма-бай түшүп жаткандыгы тууралуу күч органдары жана мекемелер ЖМКга билдиришүүдө.  

Атап айтсак, бомба коюлгандыгы тууралуу №31, 48, 80, 72, 69, 18 мектептерге, “Остров знаний” балдар бакчасына, №3 төрөт үйүнө, “№2 шаардык ооруканага, ЦУМ. Жана “Бишкек паркка” телефон билдирүүлөрү түшкөн.  

Аталган жайларды милиция кызматкерлери курчап, элди эвакуациялады.

Буга чейин да мындай билдирүүлөр ар кандай мекемелерге түшкөн. жана алар жалган болуп чыккан.

30-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкандар аныкталып, кармалышты.

Алар борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары 2009-жылы туулган Р.И, 2008-жылы туулган К.А, 2008-жылы туулган Э.Э, бейбаштык максатында аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндүгү аныкталды.

КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири кармалган. 

«Ал 30-октябрда VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технологиясын колдонуп, ИИМ катчылыгына Кыргыз Республикасынын соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү, ошондой эле 18-июлда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу Ички иштер министрлигине анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы аныкталды» деп айтылган УКМК маалыматында.

Сүрөт: №2 шаардык ооруканадагы эвакуация. 13-декабрь. med,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты