Бишкекте бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө

  • 7 месяцев мурун

Бишкектин бир канча объекттерине бомба коюлду деген маалыматтар байма-бай түшүп жатат.

Бүгүн борбор шаардын Санарип министрлиги, Жогорку сот, Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондук соту, “Азия молл” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымттар келип, кызматкерлер жана келген адамдар имараттардан эвакуацияланды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жана социалдык тармактарда маалыматтар берилүүдө.

Бүгүн адвокат Бакыт Жумашев Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлду деген маалыматтан улам, процесс токтолуп, иш үзгүлтүккө учураганын Фейсбук баракчасына жазды.

Кечээ Бишкек шаарынын бир нече мектептеринде бомба коюлганы маалымдалган.   

Сүрөт: Октябрь райондук сотундагы эвакуация. Социалдык тармактан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты