УКМК бомба тууралуу жалган маалымат тараткан жаранды кармады

  • 7 месяцев мурун

УКМК бомба тууралуу жалган маалымат тараткан жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны А.Р. интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу болжолдуу, жалган маалымат жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча буюртмаларды кабыл алып, иштеп келишкен КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири болгону аныкталып, кармалган. «Ал 30-октябрда VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технологиясын колдонуп, ИИМ катчылыгына Кыргыз Республикасынын соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү, ошондой эле 18-июлда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу Ички иштер министрлигине анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда УКМК өнөктөш чалгын органдары менен биргеликте анонимдүү билдирүүлөрдү тараткан башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө, ал эми кармалгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат. Ушуга байланыштуу УКМК мындай жосундарды жасаган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты