Блогер Жолболдуеванын айткандары боюнча депутат Акаев парламентте маселе көтөрдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 29-январда, парламенттин жыйынында блогер Батмакан Жолболдуеванын Баткенде убактылуу кармоочу жайда көргөн кордугу, зордуктоого кабылганы тууралуу айткандары боюнча депутат Жанарбек Акаев айтып чыкты.

-Батма Жолболдуеванын айткандары боюнча чоң реакция болуп, коомчулукка айтылышы керек болчу. Эгер айтканы аныкталбаса, “андай болгон эмес” деп билдиргиле. Адамга жасалгыс мамиле, ал айтып жатат, ошол зордукталгандан кийин өзүн өлтүрөм деп колунунун бир канча жерин тилип жибериптир. Колунда издери турат. Эми ушундай мамиле болбошу керек, муну катуу айыпташыбыз керек. Түрмөлөрдө аялдарга мындай мамиле болбошу үчүн катуу жаза колдонушуңар керек. Бул өтүнүч эмес, бул талап,-деди депутат.

25-декабрда блогер Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайында көргөн кордуктары, зордукталганы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде айтып чыкты.

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин 25-декабрындагы жыйынында ушул маселеге көңүл бурууну тиешелүү жетекчилерден өтүндү.

«Учурда Жолболдуева Фейсбук баракчасы аркылуу айткан, 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүнү, тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Жолболдуева өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБинде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө» деп жооп берген ички иштер министрлигирнин басма сөз кызматы.

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз катары актаган. 2022-жылы 22-майда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Кылмыш кодексинин 379-беренеси «Документтерди жасалмалоо» менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленди» деп жазылган маалыматта.

2022-жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Сүрөттө: Батмакан Жолболдуева. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты