Блогер Бауржан Абдымаликов эки айга камалды

  • 4 недели мурун

Кара-Кулжада күйөөсү колдуу болгон Айзирек Эралиева тууралуу кастыкты козутууга алып келген пикирин билдирген блогер Бауржан Абдымаликов (Кадырбеков деген ат менен белгилүү) эки айга камалды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бауржан Абдумаликов расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймкатар аралык кастыкты козуу беренеси боюнч айыпталган. Ал маркум Айзирек Эралиеваны күйөөсүнүн көзүнө чөп салышы мүмкүн деген пикирин социалдык тармактарда айтып,ал коомчулукта катуу талкууга алынган.

Ага чейин адвокат Шердор Абдыкапаровдун демилгеси менен Айзирек Эралиева тууралуу жагымсыз жалган маалымат тараткан блогер Айбек Уланов камакка алынган.   

Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров блогер Улановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча петиция жарыялаган, аны бир канча миңдеген адамдар колдогон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кара-Кулжада болгон окуя боюнча мындай маалымат таратты:

-2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жаратынан улам, ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

“Бул факты каттоого алынып, окуя болгон Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты