Айзиректин өлүмүнөн кийин аны айыптаган блогер 4-июлга чейин камакка алынды

  • 1 месяц мурун

Блогер Айбек Уланов 4-июлга чейин камакка алынгандыгы тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.

Белгилүү болгондой, Айбек Уланов күйөөсү колдуу болгон Айзирек тууралуу ага жаман сөздөрдү жазган.  

Блогер Айбек Уланов камалганы тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров социалдык тармакта билдирди. Улановго кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, улуттар аралык, диний кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.

Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров блогер Улановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча петиция жарыялаган, аны бир канча миңдеген адамдар колдогон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кара-Кулжада болгон окуя боюнча мындай маалымат таратты:

-2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жаратынан улам, ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

“Бул факты каттоого алынып, окуя болгон Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.

Айбек Уланов каза тапкан Айзиректи мазактаган пост жазгандыгы үчүн кармалды жана ага улуттар аралык, диний кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Айбек Уланов кечирим сураган, бирок коомчулук кечирим суроо менен кутулуп кетпеши керектигин айтып келишкен.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты