Кара-Кулжада мектептеги 20 жылдыктан кийин кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
- 1 месяц мурун
Кара-Кулжа районунда мектепти бүтүргөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилөөдөн кийин кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектүү кармалганы кабарланды.
Бул тууралуу социалдык тармактарда мындай деп жазылган: “Кечээ биздин мектепте 20 жылдык болду. Анан бир айылдаш эжебизди 20 жылдыктын айынан кызганып, күйөөсү уруп, көк ала кылып, мылтык менен атып салыптыр” деп жазылды социалдык тармакта.
Маалыматтарга караганда, 20 жылдык майрамга барган аялы мектепте мурдагы бүтүрүүчүлөр катары классташы менен катар чыккан. Күйөөсү да өзү менен салтанат өткөн жерде болгон. Алар ошол күнү белгиленген башка иш-чараларга катышпай, үйүнө кетишкен.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кара-Кулжада болгон окуя боюнча мындай маалымат таратты:
-2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жаратынан улам, ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
“Бул факты каттоого алынып, окуя болгон Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Ош ОИИБ