Блогер Айтилек Орозбековдун кармалганы айтылды
- 6 дней мурун
Кафе-ресторан, соода борборлорунан кыргыз тилинде сүйлөөөнү талап кылган блогер Айтилек Орозбеков 6-майда кармалганын анын адвокаты “Медиахабга” билдирди.
Адвокаттын айтымында, милиция Орозбековдун видеолору лингвистикалык экспретизага берилип, улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Орозбеков 48 саатка камалганы айтылды.
Блогер Орозбеков Ютуб каналында ири соода борборлорундагы кыргыз тилин сыйлабаган кызматкерлерди айыптап келген. Айтилек Орозбековдун Ютуб каналынын 15,5 миң катталуучусу бар.
Жактоочу Каримжановдун айтымында, Айтилек Орозбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан 2024-жылы 2-ноябрда кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга чакырыктар беренеси боюнча айып тагылган.
Сүрөт: Айтилек Орозбековдун ФБ баракчасынан