Бишкектин борбор бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө тыюу: Жогорку сот чечимди күчүндө калтырды

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча борбор шаардын Биринчи май райондук сотунун чечими Жогорку соттун коллегиясынын чечими менен күчүндө калды.

Бул тууралуу Жогорку сотко арыз менен кайрылган адвокат Бактыбек Жумашев 29-апрелде  соцтармакта билдирди.

Аны Жогорку сот kloop.kg ге тастыктап , Биринчи май райондук сотунун Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө тыюу күчүндү калганын маалымдады.

Бишкек шаардык соту 14-апрелде адвокат Бактыбек Жумашевдин Биринчи май райондук сотунун Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими боюнча доо арызын четке какканы белгилүү. 

Бишкектин борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертүүдө.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү тарабында митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Бишкек шаарынын төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынат:

-Ала-Тоо аянты;

-Эркиндик бульвары-Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

-президенттик администрациянын имаратынын алды;

-Жогорку Кеңештин имаратынын алды;   

-Таттыбүбү Турсунбаева сквери;

-Жогорку соттун имаратынын алды;

-Орусия элчилигинин алды;  

-Панфилов паркы;   

-УКМК имаратынын алды.

Бул тыюунун мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга тиешеси жок.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын март айында кабыл алынган.  

Соттун чечими Конституцияга каршы келет

Баш мыйзамдын 39-беренесине ылайык, ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу.

Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул Конституцияга каршы келет

Ал эми Кыргыз Республикасы кошулган “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө” Эл аралык Пактынын 21-беренесинде дагы жарандардын тынч чогулуу укугу таанылган. 

Архивдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты