Бишкектин борбордук бөлүгүндө митингге тыюу салуу мөөнөтү узартылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү тарабында митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.  

Анда Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук акимчилигинин 31-марттан баштап тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу арызы канаттандырылганы айтылат.

Бишкек шаарынын төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынат:

-Ала-Тоо аянты;

-Эркиндик бульвары-Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

-президенттик администрациянын имаратынын алды;

-Жогорку Кеңештин имаратынын алды;   

-Таттыбүбү Турсунбаева сквери;

-Жогорку соттун имаратынын алды;

-Орусия элчилигинин алды;  

-Панфилов паркы;   

-УКМК имаратынын алды.

Бул тыюунун мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга тиешеси жок.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын март айында кабыл алынган.  

Соттун чечими Конституцияга каршы келет

Баш мыйзамдын 39-беренесине ылайык, ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу.

Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул Конституцияга каршы келет

Ал эми Кыргыз Республикасы кошулган “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө” Эл аралык Пактынын 21-беренесинде дагы жарандардын тынч чогулуу укугу таанылган. 

Архивдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты