Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул Конституцияга каршы келет

Биринчи Май райондук соту 31-декабрга чейин Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салган чечимди чыгарды. Муну менен сот аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды. Ошону менен катар эле Эркиндик бульварында да, анын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде өткөрүүгө да тыюу салынды.

Соттун чечимине ылайык, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, Президенттик администрациянын, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана УКМКнын тегерегинде акцияларды өткөрүүгө болбойт.

Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул Конституцияга каршы келет

“ПолитКлиника” медиасы тынч чогулуштарды өткөрүү боюнча укуктар кайсы мыйзамдарда көрсөтүлгөнүн тизмектеди.

Тыюу салуу качан башталган?

Февраль айынын аягынада Орусиянын Кыргыстандагы элчилигинин алдында орус бийлигин сындап, Украинаны колдогон бир нече акция өткөн. Мындан улам 11-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Муну менен бирге “Ала-Тоо” аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилген.

Эркиндик бульварында сөз эркиндиги боюнча жөө жүрүш өткөн

Эркиндик бульварында акыркы жолу 25-ноябрда Бишкек шаарында “Эркиндик үчүн” аттуу сөз эркиндигин камсыздоо, саясий туткундарды бошотуу талабы менен жөө жүрүш өткөн. Акция темир жол бекетинен башталган. Жөө жүрүштө Орусияга күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөгө алып келүү, саясий туткундарды бошотуу жана сөз эркиндигин камсыздоо талабы коюлган.

Соттун чечими Конституцияга каршы келет

Баш мыйзамдын 39-беренесине ылайык, ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу.

Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул Конституцияга каршы келет

Ал эми Кыргыз Республикасы кошулган «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө» Эл аралык Пактынын 21-беренесинде дагы жарандардын тынч чогулуу укугу таанылган. 

Кандай учурда тынч чогулуштарга чектөөлөр болот?

Тынч чогулуштар жөнүндө мыйзамынын 15-беренесинде тынч чогулуштарга тыюу салуу жана чектөө үчүн негиздер жазылган.

Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө тууралуу чечим чогулуштун катышуучуларынын жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон башка жарандардын коопсуздугуна чыныгы коркунуч келтирген жагдайлар сакталып турган мезгилге карата кабыл алынат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чогулушка чектөөлөр киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү.

Чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим согушту пропагандалаганда, басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыгууларда кабыл алынышы мүмкүн. Ошону менен катар эле улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда, тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөрүүдө тыюу салуу чечими кабыл алынат. 

Жыйынтык: Бишкектин бир катар жеринде тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салган чечим Конституцияга,  «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө» Эл аралык Пактыга, “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамга каршы келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты