Сот митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы арызды канааттандырган жок

  • 1 год мурун

14-апрелде Бишкек шаардык соту адвокат Бактыбек Жумашевдин Биринчи Май райондук сотунун Бишкектин айрым жерлеринде 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимине каршы доо арызын четке какты. Бул тууралуу Бактыбек Жумашев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал райондук соттун чечими толугу менен негизсиз экенин билдирди. Биринчи Май райондук сотунун чечими «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамды жана Конституцияны бузарын белгиледи.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү тарабында митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.  

Анда Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук акимчилигинин 31-марттан баштап тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу арызы канаттандырылганы айтылат.

Бишкек шаарынын төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынат:

-Ала-Тоо аянты;

-Эркиндик бульвары-Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

-президенттик администрациянын имаратынын алды;

-Жогорку Кеңештин имаратынын алды;   

-Таттыбүбү Турсунбаева сквери;

-Жогорку соттун имаратынын алды;

-Орусия элчилигинин алды;  

-Панфилов паркы;   

-УКМК имаратынын алды.

Бул тыюунун мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга тиешеси жок.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын март айында кабыл алынган.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты