Бишкектеги окуя: 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган

  • 2 месяца мурун

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 18-майдын таңына карата шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы.

Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты.

Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуул уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 18-майда, билдирди.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Свердлов райондук милициясы окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

18-майга караган түнү болгон окуялар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берди.

-Жалаң жаш балдар, 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш балдар,  200дөн баштап 500-700гө чейин балдар катышып жүрүштү жана ошол балдардын талаптары – биздин мамлекетибизге келген башка мамлекеттердин жарандарынын көбөйүп кетүүсүнөн негизинде, бул – Бангладеш, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келип окугандардын көп болуп кетишине байланыштуу. Кечээки балдардын талаптары туура болгон деп эсептеймин. Келген мигранттардын көп болуп кеткендигине байланыштуу биз чараларды көрүп жатабыз, -деди УКМК төрагасы.   

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты