Ташиев: “Кечээ чыккан балдардын койгон талаптары туура. Бирок коопсуздук маселеси жаралса, чара көрүлөт”

  • 2 месяца мурун

18-майга караган түнү болгон окуялар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берди.

-Жалаң жаш балдар, 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш балдар,  200дөн баштап 500-700гө чейин балдар катышып жүрүштү жана ошол балдардын талаптары – биздин мамлекетибизге келген башка мамлекеттердин жарандарынын көбөйүп кетүүсүнөн негизинде, бул – Бангладеш, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келип окугандардын көп болуп кетишине байланыштуу. Кечээки балдардын талаптары туура болгон деп эсептеймин. Келген мигранттардын көп болуп кеткендигине байланыштуу биз чараларды көрүп жатабыз.    

Апрель айында президент Жапаровдун тапшырмасы менен, башка өлкөлөрдөн мыйзамсыз келген мигранттарды чыгаруу чараларын көрүп жатабыз.

Көптөгөн мыйзам бузууларга баргандар — Пакистан жана Бангладеш жарандары

Пакистандан келген мыйзамсыз жүргөн 1500гө жакын адамды, Бангладештен келген 1000дейин чыгардык. Мамлекетте дагы мыйзамсыз жүргөн 5000ге жакын адам бар, анын 1360ы Пакистандан жана 1300 адам – Бангладештен, калгандары башка мамлекеттерден келгендер. Мыйзамсыз жүргөн башка мамлекеттен келген жарандар дагы чыгарылат.

Кечээ чыккан адамдардын талаптары туура деп эсептейм, бирок ошол эле мезгилде коомдук тартипти бузуу, мамлекеттин коопсуздугу маселеси жаралса, чара көрүлөт.

Кечээ чыккан балдар мамлекеттик органдар тарабынан тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн жок, алардын жамандыкка бара турган ойлору жок, бирок арасында кээ бир провокаторлор болгонун билебиз, тактадык. Алардын арасында мамлекеттик бийликке каршы чыгуу маселесин көтөргөндөр, курал менен жүргөндөр да болуп жатты. Биз тактадык. Дагы маселе чыгып, саясий өңүткө айланып кетсе, аларга чара көрөбүз, -деди Камчыбек Ташиев.  

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Свердлов райондук милициясы окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты