ИИМ: Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуул уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 18-майда, билдирди.

«Коопсуздукту камсыз кылуу максатында милициянын шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлер жана башка түзүмдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти камсыз кылышат. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди» деп билдирди Ички иштер министрлиги.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Свердлов райондук милициясы окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири «Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз» деп орусча айтканы угулат.

Маалыматка караганда мушташ 13-майда болгон. Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты