Бишкекте шаардык кызматтар шамалдын кесепеттерин жойгондугу кабарланды   

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарында  шаардык кызматтар түнү менен катуу шамалдын кесепеттерин тез арада жойгонун Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 29-мартта саат 08:00гө карата төрт райондук администрациядан жана шаардык кызматтардын маалыматтарына караганда, борбор шаарда түн ичинде жолдорду тазалоо, кулаган бактарды алуу, үзүлгөн электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча иштер аткарылды.

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Каттамда 599 автобус, 122 троллейбус, кичи автобустук каттамдар да иштеп жатат.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы боюнча таң атканча линиялардын үзүлүшү боюнча 8 учур катталып, калыбына келтирилди, ошондой эле шамалдын башка кесепеттери жоюлду. Бригадалык чыгуулар уланууда. Кечке чейин шаар боюнча кесепеттер калыбына келтирилет. Кооптуу 2 тирөөч демонтаждалган. №62 мектепте 2 кондиционер алынды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчө санитардык тазалоодон өткөрүлүп, катуу шамалдан улам пайда болгон 5ке жакын таштанды жайлары түнкүсүн тазаланды.

Мындан тышкары, учурда ишкана жабыркаган аймактарда күчөтүлгөн санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түн ичинде 30дан ашык авариялык дарактарды жок кылышты.

Калган бардык маселелер боюнча иштер активдүү жүрүп жатканы кабарланды.

Бишкекте жана Чүй облусунун аймагына кечээ, 28-мартта, «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Кечээ, 28-мартта, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундга жеткен катуу шамал болуп, кыйроолор жана жабыркагандар катталган.

Шамал ишкекте 25 турак жайдын, Чүй облусунда алты социалдык мекеменин жана 15 үйдүн чатырын алып кеткен.

Келтирилген материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясы катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси — 11 мектеп жана сегиз бала бакча жабыркаганын кабарлады. Алардын көбүнүн чатырлары талкаланып, мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты