Бишкекте жана Чүй облусунун аймагына «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди
- 6 месяцев мурун
Бишкекте жана Чүй облусунун аймагына «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Бишкек жана Чүй облусунун аймагында саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундга жеткен катуу шамал болуп, кыйроолор жана жабыркагандар катталган.
Мындан улам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жетекчилиги “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомго ылайык, өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол коюшту.
Бул токтомго негизинде шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда «өзгөчө кырдаал» режими киргизилет.
Жеринде кооптуу аймактарды изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында Жарандык коргонуу кызматтарынан турган мобилдик топтор уюштурулуп, кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү.
Бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонуу тапшырылып, кыска аралыкта иретке келтирүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле социалдык объектилерде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин аныктоочу Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.