Борбор калаада катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси жабыркады

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарында катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар ​​кулаган учурлар да бар.

Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Белгилей кетсек, комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Эске сала кетсек, 1-апрелге чейин мектеп окуучулары каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты