Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Бишкек шаарынына мэр Айбек Жунушалиев түндө төрт райондун акимдери жана кызматтардын жетекчилери менен катуу шамалдан жабыркаган объектилерди жана аймактарды кыдырды.

Жеринде шаардык кызматтарга кесепеттерди тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Бишкекте жана Чүй облусунун аймагына кечээ, 28-мартта, «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Кечээ, 28-мартта, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундга жеткен катуу шамал болуп, кыйроолор жана жабыркагандар катталган.

Шамал ишкекте 25 турак жайдын, Чүй облусунда алты социалдык мекеменин жана 15 үйдүн чатырын алып кеткен.

Келтирилген материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясы катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси — 11 мектеп жана сегиз бала бакча жабыркаганын кабарлады. Алардын көбүнүн чатырлары талкаланып, мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган.

Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Сүрөттөр: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты