Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагер оюнчулары келди
- 1 жыл мурун
КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагер оюнчуларынан турган курама команда Бишкекке келди.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар сасаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алар 30-августта, Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасы менен футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрөт.
Өөлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Бул беттеште Кыргызстандын ардагерлер курама командасында Президент Садыр Жапаров да ойнойт.
Муну бөлүшүү