Президент Жапаров КМШ ардагерлер футбол командасы менен беттеште ойнойт

  • 2 года мурун

Президент Жапаров Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.  

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 18.00дө башталат.

Футболдук беттештин өзү 20.00дө башталат.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу — Борис Подкорытов.

Эске салсак, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Кирүү акысыз. Стадионго эртерээк келүүнү өтүнөбүз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты