Эгемендик күнүнө карата футболдук беттеш өтөт

  • 2 года мурун

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата футбол боюнча жолдоштук беттеш өтөт.

Бул тууралуу  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, беттеш кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн командасынын ортосунда өтөт.

 Оюн талаасында Кыргызстандын курамасынан Прядкин Кирил, Жалилов Закир, Тайчиев Комол, Сало Владимир, Закиров Нематжан, Кошалиев Меклис, Березовский Валерий, Касымов Марлен, Лисичкин Сергей, Пряничников Владислав чыгат.

Ал эми КМШ ардагерлер командасынан  Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар  ойношот.

Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов жана КМШ командасынын Олег Романцев болот.

Футболдук беттеш саат 19:00дө башталат. Кирүү -акысыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты