Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча күнөөлүүлөр аныктала элек  

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын себебин аныктоо үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматында белгиленди.

 Маалыматта айтылгандай, ички ведомстволук-техникалык комиссиялар да түзүлгөн, алардын корутундулары ведомстволук аралык комиссияга карап чыгууга берилет. Техникалык жана ведомстволук комиссиялардын иши аягына чыга элек, ошондуктан кимдир-бирөөлөрдү күнөөлөө эрте экенин белгилей кетишибиз абзел. Ведомстволор аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин көзөмөлүндө турат, алардын ишинин жыйынтыгыгы жарыя болот.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты