ЖЭБдеги авария боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жатат

  • 3 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча болуп өткөн окуянын себептери аныкталат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Учурда себептери белгисиз, ар кандай варианттар каралып жатат, окуянын чоо-жайын аныктаган мекемелер аралык комиссиянын ишинин бүтүшүн күтүү керек»деди Бакыт Төрөбаев жана комиссиянын иши коомчулукка жарыяланарын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматы угулуп, ал Орусиядан алты адис менен бирге ЖЭБдеги кырдаалды иликтеп жатканын, бул иштин жыйынтыгы мекемелер аралык комиссиянын кароосуна коюла турганын белгиледи.

Жыйындын аягында мекемелер аралык комиссиянын кийинки жыйынын Бишкек шаардык ЖЭБдин аймагында өткөрүү чечими кабыл алынды.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

2018-жылы 26-январда да катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты