Бишкек соту Бакыт Жетигеновду абакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.      

Адвокат Рабига Садыкова Бакыт Жетигеновго чыгарылган мындай чечим адилетсиз экенин, буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бошотулганын, тандалма мамиле жасалып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Бакыт Жетигеновдун бийликти күч менен басып алуу  аракетине эч кандай далил жок экенин кошумчалады.

УКМК депутат Жетигеновду «Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү» деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

9-декабрда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Комиссиянын корутундусу парламенттин 15-декабрдагы отурумунда чыгарылмак. Бирок Жогорку Кеңеш жыйыны кийинкиге жылдырылган.

Андан бир күн мурда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Алар абактан бошотулган. Жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

1-декабрга чейин иштеген «Жазык-процессуалдык кодекстин» талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты