“Бишкек-сити” борборун куруу дирекциясы жоюлду. Долбоорду Бишкек мэриясы ишке ашырат
- 1 месяц мурун
“Бишкек сити” борборун куруу боюнча дирекция жоюлду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкта “Бишкек мэриясы “Бишкек-ситини” куруу долбоорун ишке ашырууну камсыз кылары айтылган.
Президент Садыр Жапаров «Бишкек-Сити» эл аралык ишкердик борборун куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө» жарлыкка 2021-жылдын 1-ноябрында кол койгон.
Ишкердик борбор Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбордук Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланууга багытталганы айтылган.
«Бишкек сити» ж.б. курулуштар боюнча «ПолитКлиниканын» иликтөөсү бул шилтемеде.
Сүрөттө: «Бишкек сити» борборунун эскизи
Муну бөлүшүү