“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

Кечээ, 10-мартта президент Садыр Жапаров көп тармактуу комплекстин жана заманбап мечиттин курулушуна капсула салды. Президенттик администрациянын маалыматына караганда, бул эки курулушту тең “чет элдик инвесторлор курганы жатат”. Биз бул табышмактуу инвестор ким экенин билүүгө аракет кылдык.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, көп тармактуу комплекс мурдагы «Нарын» ресторанынын ордуна курулат жана бул долбоор 321 млн долларга бааланып жатат. Аны эл аралык ТОО «Feb group», Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture компаниялары жана «Gurgoli» аттуу курулуш компаниясы ишке ашырмакчы. 

Бул курулушка капсула салгандан кийин эле Садыр Жапаров Орто-Сай айылында жаңы курула турган «Ыйман борбору» аттуу мечиттин капсуласын да салып жетишти. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул мечтитти дагы чет элдик инвесторлор куруп баштаган. Бирок ким экени айтылган эмес, долбоордун баасы 51 млн долларга бааланууда.

Эки объектинин капсула салуу аземинде Садыр Жапаровдун жанындагы чуулгандуу уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырга окшош адам биздин көңүлүбүздү бурду.

“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи
“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи
“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи
“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

Хабибула Абдукадыр ким?

«Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсүндө Хабибула Абдукадыр туугандары менен бирге Борбор Азияда контрабандадан, салык төлөөдөн качуудан жана башка схемалардан миллиондогон киреше тапкан көмүскө жүк империясын кантип башкаргандыгы баяндалат. Анда бул үй-бүлө коррупциялашкан Кыргыз бажысынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун жардамына таянып акча адалдап келгени далилденген. Документтердин жардамы менен журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияга, Улуу Британияга, АКШга жана Дубайга кеминде 209 миллион доллар которгонун далилдешкен. 

Ташкенттен келген учак. Хабибуланын изи

9-мартта, тактап айтканда, капсула салардан бир күн мурун “Манас” аэропортуна Ташкент тараптан T7-VIP1 борт номурундагы учак келген. Бул учак Hyper Partners  аттуу компанияга таандык. 

“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи
“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи
“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

OpenDemocracy 2018-жылдын 21-декабрында “Жаңы, ачык Өзбекстан үчүн табышмактуу инвесторлор” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Ал иликтөөдө Hyper Partners GmbH компаниясы германиялык компания деп аталганы менен уйгур ишкерлери менен байланышкан компания экени айтылат. Бул компанияны 54 жаштагы Валерий Вольф жана  61 жаштагы Евгений Розенберг негиздеген. Бирок компаниянын 100% акциясына ошол кезде 19 жаштагы Мустафа Палван ээлик кылган. Вольф менен Розенберг башка дагы эки компанияны негиздеген. Алар W&R Handelsgesellschaft GmbH жана Statuswest GmbH компаниялары. Ушул үч компания тең Германиянын Дитценбах шаарындагы Assar-Gabrielsson-Straße 10-14 дарегинде жайгашкан. 2016-жылы жогоруда айтылган  W&R Handelsgesellschaft GmbH компаниясынын 40% акциясына Хабибула Абдукадыр ээлик кылып калган. Бул маалыматтар келген учак Хабибула Абдукадырга тиешелүү экенин далилдеп турат жана дал ошол учак менен Хабибула өзү келген болушу ыктымал.

Hyper Partners компаниясынын атын президенттик администрация сайтында атап өткөн. Алардын маалыматына караганда, “Нарын” ресторанынын жайына курула турган “беш жылдыздуу мейманкана, бизнес борбор, соода жана турак-жай аянттарын камтыган көп тармактуу комплекс” курулат жана долбоорунда ал “Бишкек сити центр” деп аталат. Бул объектилерди чет элдик инвесторлор кура турганын маалымдашкан. Инвестор компаниялардын тизмесинде дал ушул биз айтып жаткан Hyper Partners дагы бар. 

“Нарын” мейманканасынын ордуна “Бишкек Сити” деп аталган эгиз мунарадай болгон объектинин долбоорун көрсөтүштү. 

“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

Hyper Partners компаниясы Ташкентте курулуп жаткан “Ташкент-Сити” ишкердик борбордун ичиндеги “Бишкек Ситиге” окшош эки мунаралуу “Ташкент Молл” соода борборун дагы куруп жатат. 

“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

Хабибула Абдукадырдын Hyper Partners компаниясынын учагы менен учуп келиши, “Бишкек Ситини” дагы Хабибула Абдукадырдын байланышы бар Hyper Partners компаниясы кура турганын далилдейт.

Мечит курулуп жаткан жер тилкеси Данияр Үсөновго таандык болгон

“Ыйман борбору” мечити Бишкектин эң каймактуу жеринде, Орто-Сай айылында жайгашат. Президенттик администрациянын айтымында, бул мечит 20 миң адамга ылайыкташып, долбоордун баасы 51 млн долларга бааланган. Курула турган жер тилкеси мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго таандык болгон. Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин жер тилкеси камакка алынып, жыйынтыгында 2022-жылы участоктун бир бөлүгү президенттин иш башкармалыгына өткөн. 

“Бишкек Сити”, “Ыйман борбору” мечити. Акча адалдоонун чебери Хабибула Абдукадырдын жаңы изи

Президенттин маалымат кызматы мечитти кура турган инвестордун атын ачыктаган эмес, бирок жогорудагы айтылган фактылардан улам мечитти дагы Хабибула Абдукадыр салышы мүмкүн деген ойду жаратат. 

Хабибула Абдукадыр ири суммадагы акчаларды адалдоо иштерине катышканы далилденсе дагы жаза алуунун ордуна Кыргызстандын биринчи адамдары менен коюн-колтук алышып, мамиле түзүп келет. Кезинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен дагы өнөктөш болгону, кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын сыйлуу коногу болгону эсибизде. Эми репутациясына шек жаралган бул ишкер азыркы президент Садыр Жапаровду дагы колго алдыбы?

Автор: “ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты