«Бишкек-Сити» эл аралык ишкердик борборун куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Бишкек-Сити» эл аралык ишкердик борборун куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Жарлыкка ылайык, дирекция Бишкек шаарынын, социалдык-экономикалык кырдаалын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында түзүлдү. 

Ишкердик борбор Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбордук Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланууга багытталган. 

Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту  топтоонун  аянтчасы болот.

Иллюсрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты