Бишкек-Ош жолунун 132-чакырымы кар көчкүдөн тазаланды  

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 22-январда, саат 20:50гө карата Бишкек — Ош унаа жолунун 132-чакырымында түшкөн кар көчкү саат 20:40та толук тазаланып ачылган. Унаалар эки тараптуу катташууда. Жеңил унаалар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп жатат.

Ал эми «Сосновка» постунда киргизилген чектөө алына элек.

Бүгүн, 22-январда, саат 18:04тө Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында эки жерге кар көчкү түшүп (көлөмү болжол менен 3500 м3) 6 алты жеңил унааны жана “Спринтер” унаасын басып калган, анын ичинен бир жеңил унааны кар көчкү толук басып калган.

Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. Куткаруучулар кар көчкүнүн алдында калган унаадан 4 адамды куткарышкан, эс учун жоготкон аялды “Тез жардам” кызматы алып кеткен.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты