“Сосновка” жана “Арал” постторуна убактылуу чектөө киргизилди
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 22-январда, Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Мындай чечим Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынганы белгиленди.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү