Бишкек-Ош жолунда кар көчкү 7 унааны басып калды. Бир киши ооруканага жеткирилди
- 3 недели мурун
Бүгүн, 22-январда, саат 18:04тө Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында эки жерге кар көчкү түшүп (көлөмү болжол менен 3500 м3) 6 алты жеңил унааны жана “Спринтер” унаасын басып калган, анын ичинен бир жеңил унааны кар көчкү толук басып калган.
Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. Куткаруучулар кар көчкүнүн алдында калган унаадан 4 адамды куткарышкан, эс учун жоготкон аялды “Тез жардам” кызматы алып кеткен. Жеринде министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө тазалоо иштери жүрүп жатат.
«Арал» жана «Сосновка» постторунда жеңил унааларга чектөө киргизилген. Кошумча маалымат берилет.
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлиги «бүгүн, 22-январдан 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот» деп эскертүү берген.

Сүрөттөр: ӨКМ