Бишкек-Будапешт: Садыр Жапаровдун расмий сапары соңуна чыкты  

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаровдун 12-14-февралда Венгрияга расмий сапары аяктады.

Расмий иш-чаралар Будапешт шаарынын Лайош Кошут аянтында Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын Президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземинен башталды.

Мамлекет башчы ошондой эле Баатырлар аянтындагы Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.

Садыр Жапаров менен Каталин Новак чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияны кабыл алышты. Ошондой эле кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Венгриянын Улуттук жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуп, парламенттин имаратын көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Мамлекет башчы Кыргызстандагы белгилүү архитектор Ласло Месароштун неберелерине анын үй-бүлөлүк сүрөттөрүн, ошондой эле республикалык архивден алынган алардын чоң энеси Вильма Ковачтын өмүр баянындагы ак тактарды көрсөткөн документтерди өз колу менен тапшырды.

Президент венгриялык жана кыргызстандык ири компаниялар катышкан венгер-кыргыз бизнес-форумунун ишин ачып берди. Мамлекет башчы Венгриянын бизнес-коомчулугун Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Эки тарап тең өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мамлекет башчы энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул компания менен Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында кызматташуу күтүлүүдө.

Президент расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты