Венгрияга расмий сапар: Бир катар документтерге кол коюу каралган
- 4 months мурун
Мамлекет башчынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти Венгриянын президенттик администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында мамлекет башчы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.
Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү