Садыр Жапаров Андраш Баканы Мажарстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Венгриянын (Мажарстан) президенти кызматына шайланышы менен Андраш Баканы куттуктады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалды.

“Сиздин президенттик мөөнөтүңүз Мажарстандын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деп ишенем. Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди өзгөчө жылуу сезим менен белгилейм. Кыргызстан менен Мажарстандын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду “ деп айтылат куттуктоодо.

Венгриянын парламенти шейшембү күнү Андраш Баканы өлкөнүн президенти кылып шайлаган.

Сүрөт: AFP жана GETTY IMAGES

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты