Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев алгачкы расмий сапар менен Россияга барат

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жакын арада Россия Федерациясына расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу 23-февралда Марлен Маматалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алуу учурунда айтты.  

«Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин” деди Маматалиев.

Төрага Маматалиев Кыргызстан Россия мамлекети менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи:

“Биз достукка жана өз ара ишенимге негизделген байланыштарды мындан ары да улантып, парламенттер аралык алакаларды да жигердүү өнүктүрүшүбүз кажет” деди.

Марлен Маматалиев кыргызстандык эмгек мигранттарына жана алардын үй бүлөлөрүнө түзүлгөн шарт жагдайды жакшыртуу жаатындагы айрым сунуштары менен бөлүштү.

Ошондой эле Кыргызстанда россиялык номур менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жаатында да биргелешип иш алып баруу зарыл экенин айтты: “Чечилбеген маселе болбойт. Өнөктөш өлкөлөр катары ар бир маселени ачык талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бардык маселени чечишибиз керек” деп кошумчалады. 

Ал эми Россиянын элчиси Сергей Вакунов Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Андан тышкары элчи катары төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты эл аралык аянтчаларда да улантып, тармактык комитеттердин деңгээлинде да өнүктүрүү зарыл экенине токтолушту.

Сүрөт: Элчи менен жолугушуу учуру. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты