Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапарында бир катар документтерге кол коюлду
- 4 недели мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча кыргыз-корей мамилелерин соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Кол коюлган документтер төмөнкүлөр:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда бажы маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу;
— Улуттук инвестициялар агенттиги менен Кореянын чет өлкөлөрдөгү инфраструктураны жана шаарларды өнүктүрүү корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Улуттук инвестициялар агенттиги менен Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борбору менен Кореянын Сыноо жана сертификация институтунун ортосунда кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;
— Экономика жана коммерция министрлиги менен Корея Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлигинин ортосунда соода жана инвестициялар жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
-Ички иштер министрлигинин Академиясы менен Корея Республикасынын Улуттук полиция университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
— Корея Республикасынын Интеллектуалдык менчик министрлиги менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосунда интеллектуалдык менчик жаатындагы ар тараптуу кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Агартуу министрлиги менен Корея Республикасынын Кёнгидо провинциясынын Билим берүү башкармалыгынын ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
— Мал чарбачылыгы технологиялары жаатындагы корей-кыргыз кызматташтыгынын негиздерин чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Энергетика министрлиги менен Кореянын Электр энергетика корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Маданият, спорт жана туризм министрлигинин ортосунда маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Корея Эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин ортосунда Жумушка уруксат берүү системасы боюнча жумушчуларды жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Корея Токой кызматынын ортосунда токойлорду санариптик калыбына келтирүү жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбор менен Корея Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Улуттук Азия маданий борборунун ортосунда маданий алмашуу жаатындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Корея Маданият, спорт жана туризм министрлигинин ортосунда дене тарбия жана спорт жаатындагы меморандум;
— Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Корея Жер ресурстары, инфраструктура жана транспорт министрлигинин ортосунда шаарларды жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин ортосунда табигый кырсыктарды башкаруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Бишкек шаары менен Сеул шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды орнотуу жөнүндө меморандум.
Ошондой эле “Борбор Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинин жыйынтыгы боюнча Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду;
жана төмөнкү документтер кабыл алынды:
— “Борбор Азия – Корея Республикасы”: жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык” демилгеси;
— “Борбор Азия – Корея Республикасы” климат, энергетикалык өтүү жана абанын сапатын жакшыртуу жаатында кызматташтык механизмин түзүү боюнча демилгеси тууралуу документтерге кол коюлду.
Сүрөт: president.kg




