Пакистандын президенти Асиф Али Зардари расмий сапар менен келди

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 6-июлда, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалды.

Президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат. Ошондой эле маданий иш-чараларга катышуу каралган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты