Венгриянын жаңы шайланган премьер-министри Петер Мадьяр ким?

Венгриянын жаңы шайланган премьер-министри Петер Мадьяр өлкөнү 16 жыл башкарган Виктор Орбанды шайлоодо жеңип алды. “Фидес” партиясынын өкүлүнүн ордуна оппозициялык “Тиса” партиясынын өкүлү бийликке келди.

Оппозициялык партиянын өкүлү парламентте көпчүлүктү түзөт жана анын лидери Петер Мадьяр бийликке келет.  

45 жаштагы Петер Мадьяр венгер саясатына тыгыз байланыштуу үй-бүлөдө чоңойгон. Апасы Моника Ёреш Жогорку соттун баш катчысы болгон, ал эми агасы Ференц Мадль  2000-2005-жылдары Венгриянын президенти болгон. Петер Мадьяр да юристтик кесипке ээ болгондон кийин саясий карьера жасай баштаган.   

2000-жылдардын башында Виктор Орбандын “Фидес” партиясына өткөн. Виктор Орбан бийликке келгенден кийин, Мадьяр тышкы иштер министрлигинде жана Европа Биримдигинде Венгриянын өкүлү болгон. Бирок Мадьяр жогорку кызматтарда иштеген эмес. Анын жубайы Юдит Варга Орбандын өкмөтүндө юстиция министри болгон. 3 балалуу болуп, 18 жыл жашагандан кийин, 2023-жылы алар ажырашып кетишкен.  Бул ажырашуу эки адамдын эле жүнүкүй ажырашуусу эмес, бийликчил жана оппозициячыл эки көз караштын маселеси болгону үчүн коомдук-саясий турмушта резонанс жараткан.     

2023-жылдын январь айында, жубайы менен ажырашуудан 3 ай мурда, Орбандын администрациясынын башчысынын жардамчылары коррупция боюнча чуулгандуу кылмыш ишинде анын начальнигинин атын өчүрүп коюуну прокуратурадан суранышканын жубайы айтканын Мадьяр жаздырып алган. Ал кезде Варга Орбандын өкмөтүндө юстиция министри болгон. 2024-жылы Варга башка иштер менен отставкага кеткенден кийин, Мадьяр жаздырып алгандарын Фейсбукка чыгарган. Анын ал посту эки миллиондон ашык жолу көрүлгөн.  

Мадьяр “Фидес” партиясынан чыгып, “Тиса” аттуу чакан партияга өткөн. Мадьяр келгенден кийин, партия популярдуу боло баштаган. “Фидес” партиясы ири ЖМКларды көзөмөлдөп турганда, Мадьяр социалдык тармактарда активдүү болуп, өлкөнү кыдыра баштаган.  Ал айыл жергесиндеги жана чет өлкөдөгү венгерлер менен жолугушуп турган.   

Петер Мадьяр Венгрияны Европа Биримдиги жана АКШ менен жакындаштырууну жактайт. Мадьяр Украинанын Европа Биримдигине кирүүсүн тездетүү процессин жактабайт. Балким бул маселе референдумга коюлушу мүмкүн.

Сүрөттө: Петер Мадьяр. Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты