Садыр Жапаров Венгриянын бизнесмендерин Кыргызстандагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 14-февралда президент Садыр Жапаров Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышты.

Форумдун ачылышы Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеоролик менен башталды.

Андан кийин мамлекет башчы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын делегациясына көрсөтүлүп жаткан жылуу меймандостугу үчүн Венгриянын жетекчилигине, Мартон Надь мырзага жана боордош венгер элине терең ыраазычылык билдирем.

Аз убакытыбыз болсо да, биз Европанын бермети болгон ажайып кооз Будапешт менен таанышып, анын архитектуралык кереметтерине, илим менен техниканын прогрессине, ошондой эле динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасына суктанууга жетиштик.
Азыр болсо Венгер-Кыргыз бизнес-форумунун аянтчасында сиздер менен бирге чогулуп, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алганыбызга кубанычтабыз.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Кыргызстан менен боордош Венгриянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери тарыхый, маданий жана руханий байланыштарга негизделген.

Мындан отуз жыл мурда ушул бекем пайдубалга түптөлүп, айрыкча, акыркы жылдары өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен мамлекеттер аралык мамилелер жүрөктөрүбүздө терең канааттануу сезимин жаратууда.

Бүгүнкү иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда гана эмес, Кыргызстан жана Европа Биримдиги менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн да маанилүү.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы уставдык капиталы 50 миллион доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү.
Фонддун ишмердүүлүгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес-секторуна финансылык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Учурда жалпы суммасы 26 миллион долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Долбоорлор аркылуу биз өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн жакшы натыйжаларды көрөбүз деп ишенем», — деди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты