Президент Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолугушту

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-февралда, Будапешт шаарында Президент Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи өттү.

Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Атчан гусарлардын коштоосунда мамлекет башчынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын президенти Каталин Новак тосуп алды.

Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин, аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.

Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү.

Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты