«Бишкек Аренанын» расмий ачылыш күнү коомдук тартипти 5 миң милиция кызматкери камсыздайт
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Эртең, 5-октябрында «Бишкек Аренанын» расмий ачылыш аземи өтөт. Анда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Бул максатта 5 миң милиция кызматкери тартылат.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келген көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустардын жүрүүсүнө уруксат берилет.
5-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт.
Көрүлүп жаткан чаралар «Бишкек Аренанын» ачылыш аземи өтүп жаткан учурда коомдук тартипти камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун эркин жүрүп-туруусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ




