«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына жарандарды автобус акысыз ташыйт

5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан «Бишкек Аренага» чейин жана кайра кайтууда акысыз автобус каттамдарын уюштурат.

Жалпысынан 10 автобус каттамы тартылат.

Жарандарды «Бишкек Аренага» жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жөнөө пункттары жана каттамдар:
№1: «Өчпөс от» (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү) → «Бишкек Арена».

№2: «Батыш автобекети» (Жибек Жолу проспекти – Кулиев көчөсү) → «Бишкек Арена».

№3: «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32) → «Бишкек Арена».

№4: Асанбай кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) → «Бишкек Арена».

№5: «Ак-Кула» автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1) → «Бишкек Арена».

№6: Аламүдүн-1 кичи району (Ауэзов көчөсү, 4) → «Бишкек Арена».

№7: Көк-Жар конушу (Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү) → «Бишкек Арена».

№8: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) → «Бишкек Арена».

№9: Абдумомунов көчөсү, 220 → «Бишкек Арена».

№10: Сухэ-Батор көчөсү («Глобус») → «Бишкек Арена».

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты